Бүгүн, 3-апрелдеги маалымат жыйынында Улуттук оппозиция кыймылынын өкүлү, митингдин коменданты Мамбетжунус Абылов "кимде-ким митингге мас абалында же курал менен келип, элге жолтоо болгон болсо, сот алдында өздөрү жооп берет" деп билдирди.
"Өлкөбүздө көйгөйлүү маселелер күч алып бара жаткандыктан, саясий абал 2005, 2010-жылдардагыдай көзөмөлдөн чыгып кете электе, элдин талабын бийликке жеткирели деп тынчтык митингин өткөрүүнү чечтик. 10-апрелдеги өтө турчу митингге 10 миңдей адам келе тургандыгына байланыштуу коопсуздукту сактоо максатында биз Бишкек ШИИББинин башчысы Мелис Турганбаевге митингди тынч өткөрүү үчүн келишимге кол коюшун сунуштайм",- деди Мамбетжунус Абылов.
Айта кетсек, Мамбетжунус Абылов 10-апрелде өтө турган митингдин коменданты болду.