Мурунку шаар мэри Иса Өмүркуловдун иши боюнча сот отуруму 10-апрель күнү болот. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунан бүгүн, 3-апрель күнү билдиришти.
Үстүбүздөгү жылдын 26-март күнү Башкы прокуратура Өмүркуловдун ишин Октябрь райондук сотуна өткөрүп берген эле.
Эске сала кетсек, И.Өмүркуловго кылмыш иши 2013-жылдын 2-декабрында козголуп, 4-мартта мэр кызматтан кеткен. Экс-мэр "Дайыр Асанов атындагы "Жеңиш" сейил багынын чек арасын аныктоодо бир катар мыйзам бузууларга барган" деп күнөөлөнүүдө.