“5 жыл вице-премьер-министр болуп иштеп, бир да тууганымды кызматка койгон жокмун” деди Жоомарт Оторбаев

“5 жыл вице-премьер-министр болуп иштеп, бир да тууганымды кызматка койгон жокмун”,- деп билдирди премьер-министрликке талапкер Жоомарт Оторбаев ЖКнын 3-апрелдеги жыйынында. Оторбаев мамлекеттик кызматка күчтүү кадрлар гана дайындалышы керек деген пикирде. “Айрым фракциядан мага “Депутаттардын балдарынын мамлекеттик кызматтарга дайындалышына кандай пикирдесиз?” деген суроону беришти. Мен айттым, “Профессионал кадр болсо, эмне үчүн иштесе болбосун? Даяр кадрды иштетпей, сыртка кетирүүдөн эмне пайда?”- деди Оторбаев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан