10-апрель күнү белгилене турган Николай Пржевальскийдин 175 жылдыгына Орусиянын шаарларынан 20га жакын илимпоздун келүүсү күтүлүүдө. Ошондой эле Каракол шаарында ар кандай иш-чаралар өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн Н.Пржевальский атындагы музей-комплекстин илимий кызматкери Жумакан Мамбетова кабарлады.
“Н.Пржевальскийдин 175 жылдыгы алгач 10-апрель күнү Бишкектеги жогорку окуу жайларында илимий конференциялардын өтүшү менен башталат. 11-апрелде Каракол шаарына Орусия, Санкт-Петербург, Бурятия, Хакасиядан 20га жакын илимпоз келмекчи. Ал эми 12-апрелде илимпоздор мемориалдык комплекске келип, гүл коюу аземине катышат. Андан соң К.Тыныстанов атындагы Мамлекеттик университетинде илимпоздор доклад окушат”,- дейт Ж.Мамбетова.
Маалыматка таянсак, аталган иш-чарага Казакстан, Беларусь, Тажикстан жана Өзбекстандын элчилеринин катышуусу да болжолдонууда.