Чолпон Султанбекова талапкер Сарпашевге: “Сиз “Республиканын” депутаттарын талкаладым” дептирсиз, кандай жол менен талкаладыңыз?”

Жогорку Кеңештин 3-апрелдеги жыйынында депутаттар биринчи-вице-премьер-министрликке талапкер Тайырбек Сарпашевди сынга алышты. Депутат Чолпон Султанбекова Сарпашевди “Республика” фракциясынын ички ишине кийлигишпөөгө чакырды. 

“Республика” фракциясынын депутаттарын талкаладым” деп айтып жүрүпсүз. Айтып коюңуз, кандай жол менен талкалап жатасыз? Акча менен талкалап жатасызбы, бирөөнүн тапшырмасы менен талкалап жатасызбы? Эгер фракциянын депутаттары топторго бөлүнүп кетсе, ал фракциянын ички иши”,- деди депутат.

Тайырбек Сарпашев фракциянын ички ишине кийлигишпегенин билдирди.

“Сиз айткан маалымат туура эмес, фракциянын ички ишине кийлигишүүгө менин укугум жок”,- деди ал. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан