Премьер-министрликке талапкер Жоомарт Оторбаев Ош шаарынын мурунку мэри Мелис Мырзакматов жакшы иштерди жасаганын айтты. Талапкер муну 3-апрелдеги жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. "Мырзакматовдун жакшы иштерди жасаганын Ош шаарынын тургундары көрүп жатышат. Бирок шайлоодо башка мэр шайланды, бул накта демократиялык процесс. Биз шайлоонун жыйынтыгын тааныйбыз”,- деди Оторбаев.
Өкмөт башчылыкка талапкер оппозиция менен иштешүүгө даяр экенин билдирди.