“Конституция боюнча, парламенттеги коалициялык көпчүлүккө бир дагы депутат өз алдынча кирип-чыга албайт”,- деп билдирди ЖКнын 3-апрелдеги жыйынында депутат Өмүрбек Текебаев. Жаңы коалициянын түзүлүшү мыйзамдуу экенин ырастады ал.
“Коалициялык көпчүлүктү фракциялар гана түзөт. Ага депутаттардын жекече кол коюусу талап кылынбайт. Коалициялык макулдашууга “Ата Мекен” фракциясынан бир гана депутат, фракция лидери - мен кол койдум”,- деди Текебаев.
КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков: “Ата Мекендин” жана “Ар-намыстын” чечими бар. Эгер ишенбей, лупа менен карайбыз десеңер, келгиле”,- деди.
Айта кетсек, жыйында айрым депутаттар коалициялык көпчүлүк жалпы депутаттардын көпчүлүгүнөн түзүлүшү керектигин, жаңы коалицияда 57 депутат бар экенин айтып чыгышкан эле.