Парламент: Депутаттардын сынынан кийин “Кыргыз алтындын” өкүлү Кылычбек Шакиров отурган ордун алмаштырды  

Жогорку Кеңеште жаңы өкмөттүн курамы каралууда. Депутаттар “Кыргыз алтын” ишканасынын өкүлү Кылычбек Шакировдун өкмөт мүчөлүгүнө талапкерлердин катарында отурушун сынга алышты. Алтынбек Сулайманов: “Бул киши эмнеге бул жерде отурат, эмне, өкмөт курамына дайындалганы жатабы? Же “Кумтөр” боюнча суроо болсо жооп берет деп чакырдыңарбы?”- деп кайрылды. Премьер-министрликке талапкер Жоомарт Оторбаев “Кыргыз алтындын” өкүлү “Кумтөр” боюнча терең суроо берилсе жооп берет деп чакырылганын билдирди.

Мындан кийин Кылычбек Шакиров ордунан туруп, аппарат кызматкерлеринин катарына келип отурду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан