“Менин тегерегимде былык иштер чыкса, бир мүнөт да токтоп турбай кызматтан кетем”,- деп билдирди премьер-министрликке талапкер Жоомарт Оторбаев ЖКнын 3-апрелдеги жыйынында. Айтымында, өкмөткө таза, тажрыйбалуу кадрлар келиши керек.
“Мен таза адаммын, таза атымды балдарыма өткөрүп беришим керек”,- деди Оторбаев.
Парламентте жаңы өкмөттүн курамы талкууланып жатат.