Жалал-Абад. Жийде-Бел сайынын дамбасы курулуп бүтсө, жергиликтүү тургундардын өмүрүнө болгон коркунуч азаят

Таш-Көмүр шаарындагы Жийде-Бел сайынын дамбасы курулуп бүтсө, жергиликтүү жарандардын өмүрүнө болгон коркунучтардын алдын алып, материалдык чыгымдар жоюлат. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Кооптуу аймак катары саналган Таш-Көмүр шаарында эки кабаттуу көп батирлүү турак, балдар бакчасы, Республикалык психиатриялык оорукананын (РПО) №7-8-бөлүмдөрү жайгашкан.

Маалыматка ылайык, кечээ, 2-апрелде Таш-Көмүр шаарынын мэри Бекболот Миңбаев баш болгон тиешелүү жетекчилер барып Жийде-Бел сайынын дамбасы курулуп жаткан иштин жүрүшү менен таанышышты.

Айта кетсек, аталган объектиде 5 даана ХОВА, бир жүктөгүч жана бир экскаватор күнү-түнү иштеп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан