Жогорку Кеңеште жаңы өкмөттүн курамы каралууда. Депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып өкмөт башчылыкка талапкер Жоомарт Оторбаев өлкөдө нааразычылык акцияларын жол тосуу менен өткөрүүгө каршы экенин айтты. Анын билдиришинче, митинг, пикеттер мыйзам чегинде гана жүрүшү керек.
“Жол тосуу сыяктуу мыйзамсыз иштер боло берсе, эч качан өнүккөн өлкөнү кура албайбыз. Мамлекетте мыкты инвестициялык климат түзүү зарыл”,- деди Оторбаев.
Депутаттар 15 мүнөттүк танаписке чыгышты.