Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров вице-премьер-министрликке талапкер Эльвира Сариевадан күйөөсүнүн АКШ жараны боюнча маалыматтын чын же жалганын экенин сурады. Айтымында, коомчулукта ушундай сөздөр жүрүп жатат.
Эльвира Сариева: “Жолдошум кыргыз, Олег Акматалиев. Апасы орус улутунун өкүлү. АКШга эч кандай байланышы жок”,- деди.
Мындан кийин биринчи-вице-премьер-министрликке талапкер Тайырбек Сарпашев депутат Сабировго кызууланды.
“Эркектердин артынан ушак таратып бүтүп, эми кыздарга өттүңүзбү? Мындай суроо берүүнү токтотуңуз”,- деди ал.
Сабиров эч кандай ушак айтпаганын, коомчулукта айтылып жаткан сөздөрдү тактап койгусу келгенин билдирип: “Карындашымдын өзүнөн тактап алайын дедим. Кийин ага зыяны тийип калбасын деп жатам”,- деди.
Айта кетсек, парламентте жаңы өкмөттүн курамын талкуулоо уланып жатат.