Жалал-Абадда 2013-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу кургак учук оорусу менен катталгандардын саны 13кө кыскарган 

Бүгүн, 3-апрелде Жалал-Абад облустук Бауэр атындагы Кургак учукка каршы күрөшүү борборунда кургак учукка каршы күрөшүүнүн үч айлыгынын жыйынтыгы чыгарылды. Анда облус аймагында кургак учук оорусу менен жабыркагандар 2013-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 13 адамга аз катталгандыгы аныкталды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз катчысы Жакшылык Стамбеков билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйынтыктоо аземинде борбордо дарыланып жаткан балдар жолго сүрөт тарып, концерттик программалар менен ар түрдүү сынактар уюштурулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан