Премьер-министрликке талапкер Жоомарт Оторбаев “Кыргызстанда жаштардын бийликте иштеп көрүшүнө мүмкүнчүлүк бериш керек” деп билдирди парламенттин 3-апрелдеги жыйынында. Айрым депутаттар вице-премьер-министрликке Эльвира Сариеванын талапкерлигин сынга алышып, “Социалдык тармакта бир да жолу иштебеген адамды кантип вице-премьер кылганы жатасыңар?” дешти.
Өкмөт башчылыкка талапкер буга төмөнкүдөй жооп берди:
“Жаш болобу, кары болобу, иштеп көрүшүнө мүмкүнчүлүк бериш керек. Жаштардын саясатка келишин колдошубуз зарыл. Мен билем, бул кишинин потенциалы бар. Иштеп көрсүн, ишинин жыйынтыгын күтөлү”.