Калыкбек Султанов: “Мен түптөгөн компания 10 жылдан бери мамлекеттик тендерге катыша элек”

“Мен түптөгөн “Авангард строй” компаниясы 10 жылдан бери мамлекеттик тендерлерге катыша элек”,- деп билдирди транспорт жана коммуникация министрлигине талапкер Калыкбек Султанов ЖКнын 3-апрелдеги жыйынында. Анын билдиришинче, депутат Данияр Тербишалиев негизсиз сындарды айтууда. 

“Мен түптөгөн компания “Авангард строй”, Тербишалиев айткан компания “Авангард стиль”. Экөө эки башка компания, бири-бирине тиешеси жок. Депутат ушунун айырмасын билиши керек”,- деди Султанов. 

Айта кетсек, буга чейин Тербишалиев министрликке талапкерлердин бизнесте кызыкчылыктары болбошу керектигин айтып, айрым талапкерлерди сындаган эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан