Бүгүн, 3-апрелде Бишкектеги Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинде Ачык эшиктер күнү өттү. Ага аталган мекеменин, Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана башка медициналык уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Иш-чара инфекциялык, карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу оорулардын алдын алуу жана санитардык коргоо маселесине арналды.
Катышуучулардын астына Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин кызматкерлери А.Жороев, Н.Алтымышева, Э.Ибрагимов жана Н.Үсөнбаев өз изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары менен чыгышты.
Иш-чара соңуна келгенде медициналык серепчилер суроо узатышты. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинде Ачык эшиктер күнү пайдалуу талкуулар менен аяктады.