Жоомарт Оторбаев ишин кыргыз-тажик чек ара маселесинен баштайт

Бүгүн, 3-апрелде премьер-министрлик кызматка талапкер Жоомарт Оторбаев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып өз ишин кыргыз-тажик чек ара маселесинен баштай турганын айтты.

Депутаттар кыргыз-тажик чек арасында ар 15 күндө бир адам өлүп жатканын айтып, иштин башын Баткен облусунан баштоону талап кылышты.

“Эң туура маселени көтөрүп жатасыздар. Ошон үчүн апрель айында Абдырахман Мадакимович менен Баткен жергесине барып, ишти ошол жерден баштайбыз”,- деди Жоомарт Оторбаев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан