Жогорку Кеңеште жаңы өкмөттүн курамы ачык добуш берүү менен шайланат. Мындай чечим депутаттардын көбүнүн добушу менен кабыл алынды. Депутат Өмүрбек Текебаев мыйзам боюнча добуш берүү ачык форматта өтөрүн билдирди. “Добуш берүү жабык болсун деген депутаттардын сунушу добушка коюлат, болбосо добуш берүү автоматтык түрдө ачык өтөт”,- деди Текебаев.