Жогорку Кеңеште жаңы өкмөттүн курамын шайлоо процесси боюнча талаш чыкты. Айрым депутаттар добуш берүү жабык түрдө өтүшү керектигин айтышса, башкалары ачык форматта өткөрүүнү айтышты. Төрага Асылбек Жээнбеков юристтин көрсөтмөсү боюнча эки сунуштун бирин добушка коёрун билдирди. Ачык добуш берүү сунушу добушка коюлуп, көпчүлүктүн добушу менен өттү. Мындан кийин депутат Өмүрбек Текебаев добуш берүү процесси ачык түрдө гана өтө турганын ырастады.
“Буга чейин ушундай болуп келген, мындан ары да ушундай болушу шарт. Добуш берүү ачык форматта болот. Туура эмес маалымат берген юристти иштен айдаш керек. Мен ушуну талап кылам”,- деди Текебаев.