Жогорку Кеңеш жаңы өкмөттү бекитти

Жогорку Кеңеш бүгүн, 3-апрелде жаңы өкмөттү бекитти. Жаңы курамга 103 депутат "макул", 5 депутат "каршы" деп добуш берди. Өкмөттүн программасына 104 депутат "макул", 5и "каршы", өкмөт түзүмүнө 103 депутат "макул", 5и "каршы" деп добуш берди. Каттоодон 115 депутат өткөн. Жаңы өкмөттүн курамы төмөнкүдөй: 

 

Премьер-министр – Жоомарт Оторбаев ("Ата Мекен")

Биринчи вице-премьер-министр – Тайырбек Сарпашев (КСДП)

Экономика жана инвестиция боюнча вице-премьер-министр – Валерий Диль ("Ар-намыс")

Социалдык блок боюнча вице-премьер-министр – Эльвира Сариева (КСДП)

Коргоо, коопсуздук жана чек ара маселеси боюнча вице-премьер-министр – Абдырахман Маматалиев ("Ар-намыс")

Маданият, маалымат жана туризм министри – Камила Талиева ("Ар-намыс")

Калган министрликтерде мурунку жетекчилер калат:

Ички иштер министри – Абдулда Суранчиев 

Социалдык өнүгүү министри – Кудайберген Базарбаев

Транспорт жана коммуникация министри – Калыкбек Султанов

Экономика министри – Темир Сариев

Саламаттыкты сактоо министри – Динара Сагынбаева

Билим берүү жана илим министри – Канат Садыков

Эмгек, миграция жана жаштар министри – Алиясбек Алымкулов

Юстиция министри – Алмамбет Шыкмаматов

Каржы министри – Ольга Лаврова

Айыл чарба жана мелиорация министри – Таалайбек Айдаралиев

Энергетика жана өнөр жай министри – Осмонбек Артыкбаев

Тышкы иштер министри – Эрлан Абдылдаев

Өзгөчө кырдаалдар министри – Кубатбек Боронов

Коргоо министри менен УКМКнын төрагасын дайындоо президентте калганы айтылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан