"Көрөсүңөр, бул өкмөттү дагы отчёт албай кетиребиз". Мындай пикирин бүгүн, 3-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алтынбек Сулайманов билдирди.
"Урматтуу депутаттар, 5-чакырылыштагы парламенттин отурганына 3,5 жыл болду. Бирок 4 жолу өкмөт алмаштырдык. Парламент буга чейин бир дагы өкмөттүн отчётун укпай кетирди. Көрөсүңөр, бул өкмөттү да отчёт албай кетиребиз. Муну менен айтайын дегеним, биз бир дагы өкмөттөн отчёт албаган парламент катары тарыхта калып жатабыз",- деди Алтынбек Сулайманов.