Талас облусунда милиция кызматкерлери митингге чыккандарды таратуу үчүн курал колдонду. “Шыраалжын” кенин жабуу талабы менен митингге чыккандар Боо-Терек айылында жол тосушкан.
Милиция кызматкерлери аларды таратууга аракет кылып, ортодо кагылышуу чыкканы айтылды. Укук коргоо кызматкерлери асманга ок чыгарышып, катуу үн чыгаруучу жардыргыч заттарды колдонушкан.
Бирок топтолгондор тарабай жатышат, милициянын 1 кызматтык унаасы талкаланганы айтылды. 5 милиция кызматкери жаракат алганын Талас облустук администрациясы кабарлады.