Таластагы митинг: ИИМ: Бакай-Атадагы кырдаал көзөмөлдө

Таластын Бакай-Ата районундагы баш аламандыкта 3 милиция кызматкери жаракат алганын ИИМ билдирди. Бакай-Ата районунун бир катар айылдарынын тургундары бүгүн, 3-апрелде “Шыраалжын” алтын кенин жабуу талабы менен райондук администрациянын алдына чогулушкан.

Андан соң топтолгондор Боо-Терек айылынан Талас-Тараз-Суусамыр унаа жолун тосушкан. Милициянын жолду ачтыруу аракетинен кийин ортодо чуу чыкты.

“Облустук жана райондук администрациянын өкүлдөрү түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Укук коргоо кызматкерлери да ошол жерде. Милиция Бакай-Ата районундагы кырдаалды көзөмөлдөө, коомдук тартипти сактоо үчүн күчөтүлгөн режимде иштейт”,- деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан