Бакай-Атада чогулган эл таркай элек. Талас – Тараз унаа жолу жабык. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бакай-Ата районунун тургуну Руслан Чолпонбеков бүгүн, 4-апрелде билдирди.
Анын айтымында, эл түнү менен жолду жаап турушкан.
“Учурда райондун акими биздин колдо. Ал түнү менен биз менен болду. “Алтын кени иштетилбейт” деген токтом кабыл алынып, бүгүн Жоомарт Оторбаев келет экен деп жатышат”,- деди Руслан Чолпонбеков.
Айта кетсек, кечээ, 3-апрелде Талас облусунун Бакай-Ата районунда жашоочулар митингге чыгышкан. Алар “Шыраалжын” кенин жабуу талабын коюшуп, кийин Боо-Терек айылында Талас – Тараз унаа жолун бууп салышкан. Бул учурда милиция кызматкерлери элди таратууга аракет кылышкан. Бирок чогулган эл көнбөгөндүктөн, эки тараптын ортосунда кагылышуу чыгып, эки милиция кызматкери сабалып, бир унаа өрттөлгөн.