Таласта 5 милиция кызматкери ооруканага кайрылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 4-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, алардын төртөөнө жардам көрсөтүлүп, 1 милиция кызматкери Бакай-Ата райондук ооруканасына жаткырылды.
Айта кетсек, кечээ, 3-апрелде Талас облусунун Бакай-Ата районунда жашоочулар митингге чыгышкан. Алар “Шыраалжын” кенин жабуу талабын коюшуп, кийин Боо-Терек айылында Талас – Тараз унаа жолун бууп салышкан. Бул учурда милиция кызматкерлери элди таратууга аракет кылышкан. Бирок чогулган эл көнбөгөндүктөн, эки тараптын ортосунда кагылышуу чыгып, эки милиция кызматкери сабалып, бир унаа өрттөлгөн.