Таластын Бакай-Ата районундагы митингчилер 3-апрелде тосулган Талас-Тараз-Суусамыр жолун ачпай жатышат. Муну бүгүн, 4-апрелде Бакай-Ата райондук администрациясынын аппарат башчысы Нурдин Мамбетов билдирди. Анын билдиришинче, бүгүн жогорку бийликтин өкүлү келип нааразы тараптын пикирин угат.
“Өкмөттөн ким келерин билбейм, бирок митингчилер менен сүйлөшүүлөр болот. 200-300дөй адам жолду дагы эле тосуп турушат”,- деди Мамбетов.
Айта кетсек, 3-апрелде “Шыраалжын” алтын кенин жабуу талабы менен митингге чыккан жашоочулар менен милициянын ортосунда кагылышуу болуп, 20дай милиция кызматкери жабыркады. Чогулгандарды таратуу үчүн милиция курал колдонду.