Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен жолугушуу өткөрдү

Кечээ, 3-апрелде Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусу боюнча кыргыз милициясында кызмат кылып, эс алууга чыккан Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу болгон 6 ардагер бар.

Милиция кызматкерлери ички иштер органынын ардагерлери Гаваз Мингараев жана Жолборсали Жумабаевдин 9-Май - Жеңиш күнүнө карата абалын сурап, аларга сый-урмат көрсөтүп, акчалай көмөк жана күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөр менен камсыздап, белекке эстелик буюм тартуулашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан