Таластагы митинг: "Райондук ооруканага эч ким жардам сурап кайрылган эмес" дейт дарыгер

Акыркы маалыматтарга караганда, Бакай-Ата райондук ооруканасына митингден жабыркагандар кайрылышкан эмес. Аталган райондук бейтапкананын бөлүм башчысы Марип Ибраимовдун айтымында, дарыгерлер түнү менен нөөмөттө турушкан. Бирок жаракат алган укук коргоо органдары ооруканадан жардам алуу үчүн жеткирилип же жаткырылган жок.

Буга чейин Таласта 5 милиция кызматкери ооруканага кайрылганы жана алар тийиштүү жардам алгандан кийин төртөөсү бейтапканадан чыгарылгандыгы айтылган. Ошондой эле 1 милиция кызматкери Бакай-Ата райондук ооруканасына жаткырылганы жарыяланган.

Кечээ, 3-апрелде Талас облусунун Бакай-Ата районунда жашоочулар митингге чыгышкан. Алар “Шыраалжын” кенин жабуу талабын коюшуп, кийин Боо-Терек айылында Талас – Тараз унаа жолун бууп салышкан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан