ЖКнын депутаты Равшан Жээнбеков баштаган Улуттук оппозициялык кыймыл 2014-жылдын 3-апрелинде Таластагы "Шыраалжын" алтын кенин иштетүүгө каршы чыккан карапайым калкка каршы күч колдонушун кескин түрдө айыптайт. Ошондой эле бийликти таластыктардын мыйзамдуу талабын угууга жана элге каршы эч качан курал колдонбоого чакырат. Ушундай таризде оппозициялык кыймыл өз билдирүүсүн таратты.
“Конституциянын 12-беренесинин 5-пунктуна ылайык, жер, анын кен байлыктары Кыргызстандын менчиги болуп эсептелет жана алар мамлекеттин өзгөчө коргоосунда турат. Ошол эле Конституциянын 2-беренесинин 1-пунктунда «Кыргызстандын эли эгемендиктин ээси жана мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы болуп саналат» деп белгиленген.
Демек, Кум-Төр, Жер-Үй, Иштамберди, Жетим-Тоо, Куттуу-Сай, Шамбет-Сай, Алтын-Кен, Шыраалжын ж.б. жаратылыш кендерин иштетүүгө каршы чыгып жаткан баатыр мүнөз калкыбыз мамлекеттин менчигиндеги алтын кендерди чет элдик компанияларга саттырбай, аларды коргоп алууга толук укуктуу”,- деп билдирет аталган уюмдун басма сөз кызматы.