Таластагы митинг: Бакай-Атага вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев кетти

Коргоо, коопсуздук жана чек ара маселеси боюнча вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев бүгүн, 4-апрелде Бакай-Ата районуна жөнөп кетти. Өкмөттөн билдиришкендей, вице-премьер жол тосуп турган жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, алардын талабын угат.

Айта кетсек, 3-апрелде “Шыраалжын” алтын кенин жабуу талабы менен митингге чыккан жашоочулар менен милициянын ортосунда кагылышуу болуп, 20дай милиция кызматкери жабыркаганы айтылды. Чогулгандарды таратуу үчүн милиция курал колдонду.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан