Президент Оштун Төлөйкөн айылдык кеңешин таркатуу жөнүндө жарлыкка кол койду

3-апрелде президент Алмазбек Атамбаев “КРнын жергиликтүү кеңешин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө” жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы шайланбай калгандыгына байланыштуу, мыйзамдардын негизинде төмөнкүдөй токтом кылынат:

КРнын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын сунушу кабыл алынсын жана Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылдык кеңеши таркатылсын. 

Жогоруда аталган жергиликтүү кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоолор  жекшембиге, 2014-жылдын 18-майына дайындалсын.Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жогоруда аталган өкүлчүлүктүү органына мөөнөтүнөн мурда шайлоолорду өткөрүүнү уюштурсун.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- мөөнөтүнөн мурда шайлоолорду өткөрүү үчүн зарыл финансы каражаттарын Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдарынын сметасына ылайык бөлүүгө;

- мөөнөтүнөн мурда шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо боюнча чараларды көрүүгө тийиш.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысына жогоруда аталган кеңештин карамагына таандык документтердин, материалдардын, ошондой эле материалдык-техникалык баалуулуктардын сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү милдети тапшырылды.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан