“Үкү” тобунун мүчөсү, актёр Сапар Сайназаров “1+1=3” аттуу комедия жана мелодрама жанрында тасма тартты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына тасманын жаратуучулары маалымдашты. Белгилүү болгондой, тасма ырчы жигиттин жашоосундагы кызыктуу окуялар тууралуу болот.
“Бирге бирди кошсо эки болот да” деп таң калып жатсаңыздар керек. Бирок тасманы көргөндөн кийин 1+1=3 болоруна толук ишенесиздер. Тартуу үчүн атайын тандоо уюштурулду. Ага тааныштар да, тааныш эместер да катышышты. Тааныш дегеним, тасмада “Тамашоунун” “No name” командасынын балдары жана кыргыз эстрада ырчылары да роль жаратышат. Мен сценарий жазып жатканда алардын образын элестетип жазгам, ошондуктан өзүбүздүн чөйрөдөгүлөрдөн да кастингге катышышты",- дейт Сапар Сайназаров.
Режиссёрдун айтымында, 17-апрель күнү тасманын ачылышы болуп, андан ары Кыргызстандын бардык кинотеатрларында көрсөтүлө баштайт.