Бакай-Ата районунда Талас-Тараз-Суусамыр унаа жолунун митингчилер тарабынан тосулушу боюнча чара көрүлөт. Муну бүгүн, 4-апрелде Ички иштер министрлиги билдирди. Окуя болгон аймакка ички иштер министринин орун басары Калыбек Сатыбалдиев жөнөп кеткени белгилүү болду.
“Бул факт кылмыштарды каттоо китебине жазылды жана ага карата тийиштүү материалдар топтолуп жатат. Тийиштүү чечим кабыл алынат”,- деп билдирди ИИМ.
Айта кетсек, 3-апрелде “Шыраалжын” алтын кенин жабуу талабы менен митингге чыккан жашоочулар менен милициянын ортосунда кагылышуу болуп, 20дай милиция кызматкери жабыркаганы айтылды. Чогулгандарды таратуу үчүн милиция курал колдонду.