Кыргыз мамлекеттик тарых музейинде 10-30-апрелге чейин Тан династиясынын Сиань музейи менен биргеликте Шэньси провинциясынын элдик искусствосун, салт-санаасын чагылдырган Көлөкө театрынын көргөзмөсү өтөт. Көргөзмөгө “Бакчадагы жолугушуу”, “Жашыл жыланга аңга чыгуу”, “Генерал Гуань Юй жүрүштүк чатырда”, “Алачыкка үч жолу барганда”, “Буддага таазим кылуу” оюндары жана булгаарыдан жасалган куурчактар, картиналар тартууланат.
Көлөкө театры - Кытайдан чыккан драмалык искусствосунун бир түрү. Легендада айтылгандай, Хань батыш династиясынын императору Уди сүйгөнү Леди Линин оорудан каза тапканына капа болуп жүрөт. Император аны ушунчалык сагынгандыктан, бийлик жүргүзүү каалоосун жоготот. Бир күнү министрлердин бири балдардын куурчак менен чоң көлөкө түшүрүп ойноп жатышканын көрөт. Мындан таасирленген министр императорду санаадан арылтууга жардам берүү максатында анын каза болгон сүйгөнүнө окшоштуруп кагаздан куурчак жасайт. Түн киргенде императорду аны көргөнгө чакырат. Император аны көрүп аябай кубанат. Мына ошондон тарта Кытайдын Көлөкө театрынын тарыхы башталган.