Таластын Бакай-Ата районундагы митингди эл өзү уюштурууда. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде жергиликтүү журналист Машакбай Рахманкулов SUPER.KG порталына билдирди.
“Бакай-Ата районунда азыркы тапта 2000ден ашуун эл топтолуп, кен иштетүүгө каршы митинг уюштуруп жатат. Митингге эч кандай саясий лидерлер келишкен жок. Нааразычылык акциясын эл өзү уюштурууда”,- дейт Рахманкулов.
Айта кетсек, 3-апрелде “Шыраалжын” алтын кенин жабуу талабы менен митингге чыккан жашоочулар менен милициянын ортосунда кагылышуу болуп, 20дай милиция кызматкери жабыркады. Чогулгандарды таратуу үчүн милиция курал колдонду.