Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын мектептери менен өз ара кызматташуу боюнча жыйын өтүүдө

Бүгүн, 4-апрелде Ош мамлекеттик университетинин имаратында Жалал-Абад, Баткен облустарынын мектептери менен өз ара кызматташуу боюнча жыйын өтүп жатат. Ага Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынан билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, 38 мектептин директору катышууда.

Алгач ОшМУнун ректору Каныбек Исаков сөз сүйлөп, "Облустардын мектептери менен өз ара кызматташуунун жаңы этабы" деген аталышта презентация жасады. Ошондой эле билим берүү башчылары, мектеп директорлору сөз алып, билим берүү тармагында жүргүзүлүп жаткан ишке токтолушту.

Ал эми аталган окуу жайдын басма сөз катчысы Зинагүл Нуралиеванын айтымында, жыйындын аягында окуу жай боюнча саякат жасалат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан