Таластагы митингден жабыркаган эки милиционер облустук ооруканага жаткырылды

Таластын Бакай-Ата районундагы митингде 19 милиция кызматкеринин башына таш тийип, жаракат алган. Алардын ичинен экөөсү облустук ооруканага жаткырылса, калгандарына тез жардам көрсөтүлдү. 
Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Жоробай Абдраимов SUPER.KG порталына билдирди. 
Кечээ, 3-апрелде Бакай-Ата районундагы Боо-Терек айылынын тургундары "Шыраалжын" алтын кенин иштетүүгө каршы митингге чыгып, Талас - Тараз унаа жолун буушкан. Митингдин катышуучулары учурда дагы деле жолду ачпай, бууп турушат. 
Ал эми эл менен милиция кызматкерлеринин кагылышуусунда эл жаракат алган эмес. Милиция кызматкерлери гана жаракат алган”,- деди ал. 
Нааразылык акциясы болуп жаткан аймакка жаңы шайланган вице-премьер-министр Абдырхаман Маматалиев жана ички иштер министринин орун басары Калыбек Сатыбалдиев жөнөп кеткен.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан