Жеке турак жай куруу департаменти: Мыйзамсыз курулуш жүргүзгөндөргө айып пул салынып, кылмыш иши козголот    

Жеке турак жай куруу департаменти мыйзамсыз курулуштарды жүргүзгөндөргө карата айып пул салынып, кылмыш иши козголорун эскертет. Бул тууралуу аталган департамент бүгүн, 4-апрелде маалымдады.

Өз жер тилкесинин чегин мыйзамсыз кеңейтип алган жарандарга карата 10 миң сомго чейин айып пул салынат. Ошондой эле аталган департамент укук коргоо органдары аркылуу Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренесине ылайык, жүргүзүлгөн мыйзамсыз курулуш улана берсе, бардык фактылар сотко өткөрүлүп, соттун чечими менен кылмыш иши козголорун эскертет.

Департамент шаардыктарды мыйзамды бузбоого чакырат.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан