2009-жылга салыштырмалуу 2014-жылы кыргыздардын саны 10 пайызга өстү. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде КРнын Улуттук статистикалык комитетинин басма сөз кызматы жарыялады.
Маалым болгондой, 2009-жылы Кыргызстанда жашаган калктын арасынан кыргыздардын саны 71 пайызга барабар болсо, 2014-жылы бул көрсөткүч 72,6 пайызга жетти.
Мындан тышкары башка улуттардын көбөйүшү да байкалууда. Маселен, азербайжандар жана дунгандардын саны 10-11 пайызга, өзбектер, уйгурлар жана тажиктер 8-9 пайызга, түрктөр жана түркмөндөр 4-5 пайызга өстү.