Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев ушу тапта Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылында митингчилердин талаптарын угууда. Муну вице-премьердин жардамчысы билдирди. Митингдин активисттери сөз сүйлөөдө.
Айта кетсек, 3-апрелде “Шыраалжын” алтын кенин жабуу талабы менен митингге чыккан жашоочулар менен милициянын ортосунда кагылышуу болуп, 20дай милиция кызматкери жабыркаганы айтылды. Чогулгандарды таратуу үчүн милиция курал колдонду.