Таластагы митинг: Акыйкатчы өкмөттү ыкчам чара көрүүгө чакырды

Акыйкатчы Бактыбек Аманбаев Таластын Бакай-Ата районундагы митинг боюнча өкмөттү ыкчам чара көрүүгө чакырды. Аманбаев жергиликтүү жашоочулар менен өкмөт өкүлдөрүнүн ортосунда тез арада сүйлөшүү жүргүзүү зарыл деген пикирде. Анын билдиришинче, Бакай-Атадагы митинг – кен иштетүү тармагында өкмөттүн так социалдык программасы жоктугунун жыйынтыгы.

Айта кетсек, 3-апрелде “Шыраалжын” алтын кенин жабуу талабы менен митингге чыккан жашоочулар менен милициянын ортосунда кагылышуу болуп, 20дай милиция кызматкери жабыркаганы айтылды. Чогулгандарды таратуу үчүн милиция курал колдонду.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан