Токтайым Үмөталиева: "Таласта 1960-жылдары да жаңжалдар болгон"

“Талас облусунда кен казуу маселеси боюнча Совет доорунда, 1960-жылдары да жаңжалдар орун алган. Бирок советтик бийлик аларды дароо токтотуп турчу”,- деп бүгүн, 4-апрелде маалымат жыйынында коомдук ишмер Токтайым Үмөталиева билдирди.

Анын айтымында, анын бала чагы Талас аймагында өткөн. “Ошол учурда Талас өрөөнүндөгү дарыяларда суу тунук эле, анда балыктар көп болгон. Бүгүнкү күнү ошол жерде экологиялык бузуулунун кесепетинен айрым учурларда суу токтотулат”,- дейт Үмөталиева.

Мындан тышкары ал Талас өрөөнүндө кен казуу иштерин жүргүзүүгө каршылыгын баса белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан