Орусияда мигранттардын 6 жаштан жогорку балдарынын манжа издери алынып, каттоодон өткөрүлөт

Орусиянын Федералдык миграция кызматы Орусияга келген 6 жаштан жогорку мигрант балдардын манжа изин алып, каттоодон өткөрө баштайт. Бул маалыматты бүгүн, 4-апрелде орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Мындай мыйзам долбоорунда “Өлкөгө келген үй-бүлөлөрдүн мүчөлөрү (убактылуу жашаганга уруксат алгандар, жашаганга жай издеп келген чет элдиктер жана башкалар) 6 жаштан өйдө сөзсүз түрдө манжа из каттоосунан өтүшү зарыл” деп жазылган. Жаңы мыйзам долбооруна ылайык, манжа изин өз эрки менен арыз аркылуу бекер жана коммерциялык негизде тапшырса болот. Ошондой эле долбоордо манжа издери туурасындагы маалымат кайсы органдарга түшөрү жөнүндө да айтылган. 

Кошумчалай кетсек, мигрант балдардын манжа издеринин сактоо мөөнөтү узартылды. Мурда алар манжа издин ээси 80 жашка чыккандан кийин жок кылынса, эми чет элдик жаран 100 жашка чыккан соң жок кылынары маалымдалган.     

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
liliya-gul
2014-04-04 13:51:38
Шумдук го
0
realbek89
2014-04-04 14:36:41
Кылмышты азайтуунун дагы бир жолу.супер инфо май айынан баштап россияда биздин айдоочулук куболук жарабайт экен ошол жонундо маалымат берип коесуздарбы
0
AIZAD
2014-04-04 14:46:42
Эми ошону ойлоп чыгардыбы ххх!!!
+1
future_kg
2014-04-04 14:53:48
Коомдук транспорт айдагандарга тиешелуу, мисалы автобус айдагандарга. Жеке машинен болсо жарайт айдаганы
+2
realbek89
2014-04-05 00:30:44
future_kg, Рахмат чоон
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан