Токтайым Үмөталиева: “Талас өрөөнүндө болгон окуялар бийликтин кайдыгерлигинен болуп жатат”

“Талас өрөөнүндө болгон окуялар бийликтин кайдыгерлигинен болуп жатат”,- деп бүгүн, 4-апрелде маалымат жыйынында коомдук ишмер Токтайым Үмөталиева билдирди.

Анын айтымында, "Шыраалжын" алтын кенин чалгындоо жана казуу иштери токтотулушу зарыл. Себеби казуу иштери Талас аймагынын экологиялык туруктуулугуна терс таасирин тийгизет.

“Инвесторлор “бюджетке миллиондогон акчаларды бөлүп беребиз” дешет. Бирок суунун тазалыгынын жана флора, фаунанын бузулушу жергиликтүү жарандардын ден соолугуна зыян келтирет. Ден соолук акчадан кымбат”,- дейт коомдук ишмер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан