“23 жыл аралыгында маданиятка олуттуу мамиле жасабагандан улам өзүбүздүн ордубузду таппай турабыз. Бийлик өкүлдөрү эмне үчүн маданият министри кызматына маданиятты түшүнгөн адамды коюшпайт? Мен ойлойм, маданиятка жасалган кош көңүл мамиле мамлекетти жоготот. Анткени мамлекет маданиятсыз болбойт.
Эмне үчүн башка министрликти талашышат да, маданиятты кароосуз калтырышат? Анткени мадниятта акча жок да. Маданият министрлигин башка министрликке бириктиребиз деп жатышат. Биз буга арданып жатабыз. Эгер мамлекеттин коопсуздугун күч түзүмдөрү, Алмазбек Атамбаев караса, маданияттын коопсуздугун эч ким караган жок”,- дейт Мирлан Самыйкожо.
Бүгүн, 4-апрелде маданият кызматкерлеринен турган чыгармачыл топ “Кыргызстанга маданият керекпи?” деген аталышта басма сөз жыйынын өткөрдү. Азамат Болгонбаев, Токтобек Асаналиев, Алтынбек Максүтов, Олжобай Шакир, Зайырбек Ажыматов, Аалы Туткучев өӊдүү чыгармачыл адамдар бийликтегилердин маданиятка болгон кайдыгерлигин айтып, нааразычылыгын билдиришти.