Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Таластагы кырдаал боюнча кеңешме өткөрдү

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 4-апрелде Талас облусундагы кырдаал боюнча укук коргоо органдарынын башчылары менен кеңешме өткөрдү. Өкмөт башчы Боо-Терек айылындагы окуя жергиликтүү бийликтин эл менен тыгыз иштешпегенинин жыйынтыгы экенин билдирди.

“Окуялардын мындай өнүгүшүн алдын ала көрө билип, жергиликтүү элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек болчу. Абалды турукташтыруу үчүн аймакка вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев, Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин башчысы Дүйшөнбек Зилалиев кетти. Облус башчы Койсун Курманалиева элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат”,- деди Оторбаев.

Премьер-министр "Шыраалжын" кенинде чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан "Алтын Күмүштак Майнинг" компаниясынын ишмердүүлүгүн иликтеп чыгуу тапшырмасын берди.   

Айта кетсек, 3-апрелде “Шыраалжын” алтын кенин жабуу талабы менен митингге чыккан жашоочулар менен милициянын ортосунда кагылышуу болуп, 20дай милиция кызматкери жабыркаган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан