“Таластагы окуяда бир да жергиликтүү жашоочу жаракат алган жок”,- деп билдирди бүгүн, 4-апрелде ички иштер министри Абдулда Суранчиев. Анын билдиришинче, кагылышууда 20 милиция кызматкери жаракат алды. Министр мындай маалыматты өкмөт башчы өткөргөн атайын кеңешмеде айтты.
“Митингчилерди таратууда укук коргоо кызматкерлери тарабынан катуу үн чыгаруучу жардыргыч заттар жана курал колдонулган жок”,- дейт министр.
Айта кетсек, 3-апрелде “Шыраалжын” алтын кенин жабуу талабы менен митингге чыккан жашоочулар менен милициянын ортосунда кагылышуу болуп, 20дай милиция кызматкери жабыркаганы айтылды.