Баткендеги Бел-Согот-Божой айланып өтүүчү жолунун курулуп бүтүп, ишке кирүүсү үчүн дагы 163 миллион сом каражат сарпталат. 12 чакырым келген жолдун курулуш иштерине сарпталчу каражаттын жалпы суммасы 227 миллион сомду түзөт. Бул тууралуу Баткен облустук башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 2013-жылы аталган долбоорго республикалык бюджеттен 64 миллион сом бөлүнгөн. 2014-жылы толук бойдон курулуп бүтө турган жолдун курулуш иштерине дагы 163 миллион сом керектелет.
Кошумчалай кетсек, жолдун курулуш иштери бул аймактагы эң ири көйгөйлөрдүн бири катары актуалдуулугун жогото элек. Жол маселесинен улам ушул аймакта жылына 10 чакты уруш-талаш катталат.