Таласта Бакай-Ата районунда кен казууга каршы митингге
чыгып, Талас - Тараз жолун бууп тургандар айрым адамдарды өткөрө баштады. Бул
тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди. Айтымында, бир саат мурун кош бойлуу
келиндер, ооруп жаткан адамдар үчүн гана жол ачылды.
Вице-премьер-министр Абдырахман
Маматалиев ушу тапта Бакай-Ата районунда жол бууп турган нааразычылык акциясынын
катышуучуларынын талаптарын угууда. Эл менен жолугушууга КРнын Өкмөтүнүн Талас облусу боюнча ыйгарымдуу өкүлү Койсун Курманалиева да келди.