Таластын “Шыраалжын” кенинде чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан казакстандык “Алтын Күмүштак Майнинг” компаниясы ишин токтотту. Муну бүгүн, 4-апрелде мекеменин башчысы Рустам Ташиев билдирди. Айтымында, абал турукташмайынча компания ишин улантпайт. Бүгүн укук коргоо органдарынын башчылары менен кеңешме өткөргөн өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев аталган компаниянын ишмердүүлүгүн иликтеп чыгуу тапшырмасын берди.
Айта кетсек, 3-апрелде “Шыраалжын” алтын кенин иштетпөө талабы менен митингге чыккан жашоочулар менен милициянын ортосунда кагылышуу болуп, 20дай милиция кызматкери жабыркады.